ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын жоюлушунун 30 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрөт

26-апрелде Фучик атындагы сейил бакта Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын 30 жылдыгына арналган эскерүү митинги өткөрүлөт.

Митинге Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Белорусия, Украина республикаларынын  жана Россия Федерациясынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери катышат.


Ленин райондук администрациясынын залында   Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын жоюлушуна катышкан 63 катышуучуга бир жолку жардам көрсөтүү менен иш-чара өткөрүлөт. Катышуучуларга район башчысынын атынан ардак грамоталар жана медалдар тапшырылат.


Биринчи май райондук администрациясы Мамлекеттик тарых музейинин залында 67 катышуучуга бир жолку материалдык жардам жана мааракелик медалдарды тапшыруу менен концерт уюштурууну пландоодо.


Свердлов райондук администрациясынын залында 82 катышуучуга бир жолку материалдык жардам жана мааракелик медалдарды тапшыруу менен иш-чара өткөрүлөт.


Октябрь районунда администрациянын залында  кырсыктын жоюлушуна катышкан 75 катышуучуга бир жолку материалдык жардам жана мааракелик медалдарды тапшырылат.


 Райондук иш-чараларга бардыгы  287 ЧАЭС кырсыгынын жоюлушунун катышуучулары катышат.