ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов «Бишкектеги аза кызматтары агенттиги» жана «Бишкекасфальтсервис» МИ текшерди

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 18-апрелде «Бишкектеги аза кызматтары агенттиги» жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканаларын текшерди.

Бишкектеги аза кызматтары агенттигинде 70 адам иштейт. Бир жылда 1,5 миң өлүк коюлат. Ошондой эле бардык аза кызматтарын көрсөтөт.


Албек Ибраимов муниципалитет  Түштүк-батыш көрүстөнүн 30 гектарга кеңейтүүнү пландап жатканын белгиледи. Азыркы учурда аталган көрүстөндүн аянты 300 га түзөт.


«Бишкекасфальтсервис» ишканасына барганда калаа башчысы асфальттын жасалышы менен таанышты. Өндүрүш ишканасынын кубаттуулугу күнүнө 100 тонна. Ошондой эле ишкананын башчысы Мирлан Амантуров жол белгилерин түшүрүү үчүн 4,5 млн.сомго жаңы унаа алгандыгы тууралуу айтып берди. Калаанын жолдоруна белгилерди түшүрүү иштери жакын арада башталат.


Калаанын жолдорунун чуңкурларын оңдоо иштери 2016-жылдын 10-мартынан баштап жүргүзүлүүдө жана декабрь айына чейин улантылат.


Текшерүүнүн соңунда калаа башчысы ЖМК өкүлдөрүнө Пасха майрамына карата автобустардын саны көбөйтүлөрүн белгиледи.


«Пасха майрам күнү Түштүк-Батыш көрстөнүнө каттаган  муниципалдык автобустардын саны көбөйтүлөт. Кыймылдын аралыгы 8-10 мүнөттөн каттайт. Ошондой эле автобусттар «Асанбаей кичи району - Түштүк-Батыш көрстөнүнө» каттайт. Аралыгы 20 мүнөт. Түндүк көрүстөнгө бардык райондордон коомдук транспорттор: №4, №17 троллейбусттук жана автобусттук каттамдар каттайт. Аталган  каттам боюнча коомдук транспорт 2016-жылдын 10-майы «Родительский день» майрамына чейин иштейт»,-деди мэр.