ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Курманжан Датка эстелигинин жанындагы 800гө жакын жоогазын белгисиз жарандар тарабынан жулунду

17-апрель түнү белгисиз бирөөлөр тарабынан Курманжан Датка эстелигинин жанындагы 800 дөй жоогазын жулунган.

2015-жылдын ноябрь айында Ала-Тоо аянтындагы Курманжан Датка жана Манас айкелдеринин айланасындагы  клумбаларга 22 миң 842 баш жоогазын отургузулган.


Жоогазындын бир башынын наркы 15,73 сомду түзөт.  2016-жылдын март айынын башынан баштап жоогазындар гүлдөп, шаар тургундарына кубаныч тартуулап баштады.


Гүлдөрдү жулуп  кеткендерди милиция издеп жатат.  Ал эми «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы тарабынан 20-апрелден баштап гүлдөп бүткөн жоогазындардын ордуна мезгилдик гүл болгон сальвия, тагетис, агератум, цинерария, пеларгония өсүмдүктөрү отургузулат. Курманжан Датка эстелигинин алдына 24 миң 150 гүл -  кызыл тегатис – 3450даана, кызгыл сары тегатис- 3450 даана, сальвия – 3450, цинерария – 5750, агератум – 8050 даана отургузулат.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун шаарыбызды сүйүүгө, гүлдөрдү сактоого жана «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырат.