ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда үй жана кварталдык комитеттердин төрагалары менен жолугушуу өткөрүлдү

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиевдин  №12 МАБдын үй жана кварталдык комитеттеринин төрагалары менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушууда санитардык тазалык, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, ирригациялык тутумдарды калыбына келтирүү жана милициянын аймактык инспекторлорунун иштери талкууланды.


Талкууга кварталдык комитеттердин өкүлдөрү жигердүү катышып, конкреттүү кайрылууларды жана сунуштарды беришти.


Район башчысы тарабынан бардык  кайрылуулар боюнча тиешелүү шаардык жана райондук кызматтарга тапшырмалар берилди.


Аскербек Алиев алдыда өтө турчу КМШ өкмөт башчыларынын кеңеши,  2016-жылы Кыргыз Республикасында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши жана  КМШ өкмөт башчыларынын кеңеши жыйынына, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө даярдыктарды көрүү максатында көчөлөрдү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, оңдоо иштерин жүргүзүүгө чакырды.


Жолугушууга «Тазалык», «Жашылдандыруу»  МИ аймактык башчылары, РИИБ, Батыш РЭС, райондук жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.