ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте футбол боюнча шаардык спартакиада жыйынтыкталды

Балдар арасында футбол боюнча окуучулардын шаардык спартакиадасынын финалы 2016-жылдын 11-апрелинен 15-апрелине чейин «Дордой» спорттук комплексинин аянтында өткөрүлдү.

Мелдешке ар бир райондон экиден команда кыздар жана балдар командалары болуп 8 команда, жалпысынан 136 окуучу катышты.


Спартакиада окуучулар арасында футбоду өнүктүрүү жана Бишкек курама командасын топтоо үчүн күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өттү.


Спорттук иш-чара Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.


Спартакиаданын жыйынтыгында биринчи оруга Свердлов районунун №10 мектеби, экинчи орунга Биринчи май районунун №69 мектеп-гимназиясы жана үчүнчү орунга Октябрь районунун №3 мектеби ээ болду.


Жеңүүчүлөр шаардык спорт комитеттин кубок, медаль жана баалуу белектери менен сыйланышты.