ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Башкара-Суу жана Орто-Алыш суу алгычтарын текшерди

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 15-апрелде Башкара-Суу жана Орто-Алыш суу алгычтарынын абалы менен таанышты.

Калаа башчысы «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы тарабынан сууну тазалоо арзанга турбарын белгиледи.


«Мен шаар тургундарын сууну үнөмдөөгө жана этият колдонууга чакырам»,  - деди мэр.


«Башкара-Суу» суу алгычын куруу иштерин Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоорунун алкагында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан ишке ашырылды. Жыйынтыгында калаанын «Ак-Ордо», «Ак-Өргө», «Жогорку Орок», «Ала-Тоо», «Ала-Арча», «Ынтымак», «Арча-Бешик» конуштарынын жана Орок айылынын сегиз айык өкмөтүнүн  (Сарбан, Жал, Жогорку жана Төмөнкү Орок, Селекционное, Жаңы Селекционное, Кашкабаш, Калтар) 100 миңден ашык адамы таза суу менен камсыз болду.  


Суу алгычтын курулушу Дүйнөлүк банктын грантынан – 80%, КР өкмөтүнөн – 10% жана Бишкек шаарынын мэриясынан -10% каражатка жүргүзүлдү. Долбоордун сметалык наркы 366 миллион сомду түздү. АРИСтин өткөргөн тендерине ылайык, сатып алууга эки бөдрөтчү аныкталды: ТОО «Шымкентмелиорация» консорциуму жана «Минур» ЖЧКсы. Курулуштун нормативдик мөөнөтү 30 айды түздү (2013-жылдын январы айынан 2015-жылдын июнь айына чейин).


2016-жылдын 1-январына карата «Орто-Алыш» суу алгычында «Бишкексууканал» тарабынан 140 артскважин иштетилүүдө. 2015-жылы 16 скважин ишке киргизилип, калаанын түштүк бөлүгүн суу менен камсыз кылуу жакшырды.


Ичүүчү сунун тазалыгын көзөмөлдөө "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентине жана ГОСТа 2761-84 «Борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун камсыз кылуу.  Гигиеналык, техникалык талаптар жана тандоо эрежелери» талаптарына ылайык жүргүзүлөт.