ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов түзүмдүк бөлүмдөрдү жана чарба субъектилерин кыдырды

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 14-апрелде  «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы», «Муниципалдык наабайкана», «Бишкекжылуулукэнерго» жана Бишкек троллейбус башкармалыгын кыдырды.

Кыдыруу массалык маалымат каражаттарынын катышуусунда өттү.


«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын» ишемердүүлүгү менен таанышуу учурунда калаа башчысы Урумчи шаарынын белек кылынган 10 автобус тууралуу журналисттерге айтып берди.


«Газ менен иштеген автобустарды май айынан баштап ишке киргизели деп пландап жатабыз. Бир автобус 105 жүргүнчүнү батырат. Бүгүнкү күндө мэриянын балансында 455 автобус бар, алардын 200 дөн ашыгы иштебей турат. Ал эми жарактан чыккан унааларды капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн аларды чыгарган завод менен сүйлөшөбүз. Биринчи кезекте 118 автобус турат. Жыл аягына чейин аларды калыбына келтиребиз», - деди калаа башчысы.


Муниципалдык наабайкананын ишмердүүлүгүнө калаа башчысы ыраазы болду. Учурда наабайкананын кызматкерлери эки сменада иштеп жатышат жана жакында үч сменага өтүүсү күтүлүүдө.


Ишкана 8 миңден 10 миңге чейин ак жана кара нан чыгарып, бала бакча, мектеп, оорукана сыяктуу 59 социалдык объектиге, ошондой эле 78 соода түйүндөрүнө таратат.


Эртең, 15-апрелде шаардык кызматтарды жана түзүмдүк бөлүмдөрдү кыдыруу улантылат.