ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ Ленин районунун санитардык абалын текшерди

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери шаарды көрктөндүрүү, жакшыртуу жана санитардык тазалыгы боюнча рейд өткөрдү.

Рейддин жүрүшүндө «БАГУУ» ЖЧКсы үй башкармалыгы тарабынан Москва көчөсү 193, 214, К.Акиев көчөсү 54, Сагымбай көчөсү 247 даректеринин айланасында ишембилик, санитардык тазалык  жүргүзүлбөй, ошондой эле белгиленбеген жерге таштандылар чогултулгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан «БАГУУ» ЖЧКсынын директору Шикиев Т.М. атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.