ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Оңдоо иштерине байланыштуу Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 2016-жылдын 15-апрелинен баштап Чүй проспектиси Чолпон-Ата көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы) оңдоо иштерине байланыштуу жол кыймылы үчүн жабылат.

Азыркы учурда Ауэзов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин жабылды.


Аталган жерде тротуар жана арыктарды орнотуу менен жол оңдолот жана капиталдык оңдоо жүргүзүлөт.


Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды жол тыгынына кабылбашы үчүн  ыңгайлуу жол тандоону суранат.