ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Трон клуб» машыгуу залы Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Т.Молдо көчөсү, 61 дарегинде жайгашкан «Трон клуб» машыгуу залынын айланасына таштандылар чогултулуп, антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды.

Ошондой эле санитардык нормалар сакталбай, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулган.

Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан жетекчиси Таиров А.нын атына КР «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.