ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте спорттук гимнастика боюнча ачык чемпионат жыйынтыкталды

12-13-апрелде Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайынын гимнастика залында балдар жана кыздар арасында спорттук гимнастика боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өткөрүлдү.

Мелдешке Чымкент, Караганда жана Бишкек шаарларынын 60 спортчусу катышты.


Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында «Спорт чебери» категориясында 1-орунду  Константин Руденко (Шымкент), 2-орунду – Роман Пак (Бишкек) жана 3-орунду  – Эрик Меннибаев (Бишкек) алды.


«Спорт чеберинин кандидаты» категориясында 1-орунду   Бекжан Насрединов (Бишкек), 2-орунду  – Валихан Рыскулбеков (Бишкек) жана 3-орунду  – Тимур Питаев (Бишкек) багындырды.


«Биринчи чоңдор разряды» категориясында биринчи орунга Нурсултан Мамашарипов (Бишкек), экинчи орунга  – Эмиль Ткачук (Бишкек) жана үчүнчү орунга  – Даут Бируни (Шымкент) ээ болду.


«Экинчи чоңдор разряды» категориясы боюнча биринчи орунга  – Эмир Акматов (Бишкек), экинчи орунга – Семён Якишов (Бишкек) жана үчүнчү орунга  – Артем Сибогатулин (Бишкек) ээ болду.


«Үчүнчү чоңдор разряды» боюнча 1-орунду Богдан Грамов (Шымкент), 2-орунду – Сергей Утвенко (Шымкент) жана 3-орунду– Алтынбек Намаз (Шымкент) алды.


Кыздар арасында «Спорт чебери» категориясында 1-орун  – Амалия Чернышова (Бишкек), 2-орун – Дарья Комелева (Караганда) жана 3-орун – Малика Дакебаева (Караганда).


«Спорт чеберинин кандидаты» категориясында 1-орунду Дарья Ясинская (Караганда), 2-орунду –  Александра Алексеева (Караганда) жана 3-орунду – Юлиана Деева (Караганда) алды.


«Биринчи чоңдор разряды» категориясында  1-орунду Настя Ферену (Бишкек), 2-орунду  – Софья Товазина (Бишкек) жана 3-орунду  – Аксана Аралбекова (Бишкек) алды.

«Экинчи чоңдор разряды» категориясы боюнча 1-орунга Даша Истомина (Бишкек), 2-орунга  – Виктория Хан (Бишкек) жана 3-орунга  – Акмарал Бектеналикева (Бишкек) ээ болду.

«Үчүнчү чоңдор разряды» боюнча 1-орунду  Дарья Минеева (Бишкек), 2-орунду  – Алтынай Лаяшакурова (Бишкек) жана 3-орунду  – Анаелита Краснокирова (Бишкек) багындырды.

Мелдеш Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөр спорт комитетинин диплом, медаль, жана баалуу белектери менен сыйланышты.