ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов “Тазалык”, “Жашылдандыруу” жана “Бишкексвет” муниципалдык ишканаларын кыдырды

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 13-апрелде “Тазалык”, “Жашылдандыруу” жана “Бишкексвет” муниципалдык ишканаларын кыдырды.

Иш-чарага массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.


“Тазалык” МИ барганда калаа башчысы Албек Ибраимов Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы жана Европалык биримдик каржылап жаткан “Бишкек шаарындагы КТК башкаруу” долбоорунун алкагында алынып келинген 3 жаңы суу чачуучу унаа жакын арада ишке киргизилерин белгиледи. Ошондой үстүбүздөгү жылы аталган долбоордун алкагында 28 таштанды чыгаруучу  унаа келе турганын билдирди.


“Жашылдандыруу” МИ ишмердүүлүгү боюнча калаа башчысы тез арада бактарды инвентаризациялоону бүтүрүү жана куураган, авариялык абалда деп таанылган бактарды кыркууну, ошондой эле калка сапаттуу кызмат көрсөтүүнү талап кылды.


Ал эми “Бишкексвет” ишканасына мэр күйүп кеткен жарык түйүндөрүн алмаштыруудан тышкары, ишкананы өнүктүрүү, инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууну тапшырды.


Эртең, 14-апрелде шаардык кызматтарды жана бөлүмдөрдү кыдыруу улантылат.