ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэрия коомдук транспорт кызматтарын көрсөткөн жеке менчик уюмдарды “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарын сактоого чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы борбор шаарда коомдук транспорт кызматтарын көрсөткөн жеке менчик уюмдарды  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын аткарууга  чакырат.

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгында шаардын калкын тейлеген коомдук транспортто Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын аткаруу маселелери каралды.  Коомдук транспорттук тейлөө кызматтарын көрсөткөн жеке менчик ишканалардын жетекчилерине мыйзам талаптарын аткаруу боюнча көрсөтмөлөр берилди.


Жыйынга Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынын орун басары Э.Атантаев, Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын орун басары Н.Атыханов, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Ниязбекова, КТР Биринчи радионун “Туура сөз” уктуруусунун алып баруучусу З.Каипова, борбор шаардын калкына транспорттук тейлөө кызматтарын көрсөткөн жеке менчик ишканалардын жетекчилери ж.б. жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.