«Тазалык муницпалдык ишканасынын кызматкерлери калааны тазалоо иштерин улантууда
- Подробности
- Опубликовано 13.04.2016 13:34
Бишкекте муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын короо шыпыргычтары калааны көрктөндүрүү боюнча үч айлыктын алкагында тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Күн сайын таңы саат бештен баштап «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын көчөлөрүн жана ирригациялык тутумдарды тазалоо, көчөлөрдү жууп тазалоо иштерин жүргүзөт.
Бүгүн, 13-апрелде Октябрь районунда – 98 короо шыпыргыч жана 9 бирдик атайы техника, Биринчи май районунда – 157 короо шыпыргыч жана 16 бирдик техника, Свердлов районунда – 120 короо шыпыргыч жана 10 бирдик техника, Ленин районунда 145 короо шыпыргыч жана 13 бирдик атайы техника ишке тартылды.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан коомдук жайларда тазалыкты сактоону суранат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
02.10.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |