ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Автосервис калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө 5 кичи район, Каралаев – Шопен көчөлөрүндө жайгашкан «Пионер» дүкөнү жана автосервисинин айланасы антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды.

Аталган жердин жанындагы таштанды аянтчасында таштанды өрттөлүп, 2016-жылга карата таштанды чыгарууга келишим түзүлгөн эмес.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан ЖК Раков Д.А. атына КР «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.