ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэрия Бишкектиктерге жоогазын белек кылды

«Зеленстрой» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан 2015-жылдын ноябрь айында Ала-Тоо аянтындагы Курманжан Датка жана Манас айкелдеринин айланасындагы  клумбаларга 22 миң 842 баш жоогазын отургузулган.

Жоогазындын бир башынын наркы 15,73 сомду түзөт.  Жоогазындын  жалпы наркы 359305 сом, отургузуу иштерине 20018,83 сом коротулду.


2016-жылдын март айынын баштап отургузулган жоогазындар гүлдөп, шаар тургундарына жагымдуу маанай тартуулай баштады.