Бишкекте жалпы ишембилик өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 11.04.2016 17:57
Өткөн ишембиде Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында калаанын бардык райондорунда ишембилик өткөрүлдү.
Ленин районунда «Ак-Өргө» сейил багынын айланасында ишембилик өткөрүлүп, ишембиликке Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Ленин районунун башчысы Нурдин Тынаев, администрациянын жана МАБдардын кызматкерлери, «Ак-Өргө» конушунун тургундары жана мектеп окуучулары катышты. Ишембиликтин жүрүшүндө 250 көчөт отургузулду.
Биринчи май районунда ишембиликке 64 жамааттан 361 адам катышты. 1 миң 650 эмен дарагы жана 15 арча отургузулду.
Октябрь районунда 21 уюмдан 420 адам катышты. 700 эмен отургузулуп, 3 атайы техника тартылды.
Свердлов районунда дагы ишембилик өткөрүлүп, 79 уюмдан 874 адам катышты. Жыйынтыгында 24 200 м2 жер, 7030 п/v ирригациялык тутум тазаланды. Таштанды чыгаруу үчүн 6 бирдик атайы техника тартылып, 1 миң 250 эмен отургузулду.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
02.10.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |