ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда жеңил атлетикалык эстафета өткөрүлдү

Октябрь районунда сергек жашоого үндөө максатында жана «Тарых жана маданият» жылына арналган жеңил атлетикалык эстафета өткөрүлдү.

Иш-чарага мектептин окуучулары, ЖОЖдордун студенттери, Октябрь районунун мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлери, жалпысынан 300дөн ашык адам катышты.
Эстафета эркектер жана айымдар арасында жаш курагына жараша өткөрүлдү.


Мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду ЖОЖдордун арасынан Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, ал эми окуучулар арасында №60 мектептин балдар жана кыздар командасы өзгөчөлөнүп, биринчи орунга ээ болушту.


Жеңүүчүлөр район акими Болот Алымкуловдун колунан эстеликке белектерди алышты.