ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тил боюнча окутуу семинары өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү  бөлүмү тарабынан “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын кызматкерлери үчүн “Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү”, “Кыргыз Республикасында иш кагаздарды (мамлекеттик тилде) жүргүзүү боюнча типтүү нускама”, “Кыргызтест” тестирлөөсүнө даярдык”  аттуу семинар-практикум өткөрүлдү.

Семинардын практикалык бөлүгүндө кызматкерлер иш кагаздардын түрлөрү боюнча тапшырмаларды даярдап, өтүлгөн темалар боюнча суроолорго жооп беришти.

 

Башкармалыктын мамлекеттик тил боюнча адисине “Кыргыз тили” мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн 1,2,3 комплекс окуу китеби берилди.   


 Катышуучуларга иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча электрондук материалдар, “Кыргызтесттин” талаптары А1, А2, В1,В2,С1” китебинин, “Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгүнүн” электрондук варианттары жана “Орусча-кыргызча сүйлөшмө” китепчелери берилди.