ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык башкармалыктардын кызматкерлерине мамлекеттик тил боюнча окутуу семинарлары өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү  бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тил боюнча семинар жана курстар өткөрүлүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери үчүн “Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү”, “Кыргыз Республикасында иш кагаздарды (мамлекеттик тилде) жүргүзүү боюнча типтүү нускама”, “Кыргызтест” тестирлөөсүнө даярдык”  аттуу семинар-практикум өткөрүлдү.


Семинардын практикалык бөлүгүндө кызматкерлер иш кагаздардын түрлөрү боюнча тапшырмаларды даярдап, өтүлгөн темалар боюнча суроолорго жооп беришти.

 

Башкармалыктын мамлекеттик тил боюнча адисине мекеме ичинде сабак өтүү үчүн “Кыргыз тили” мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн 1,2,3 комплекс окуу китеби берилди.   


Катышуучуларга иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча электрондук материалдар, “Кыргызтесттин” талаптары А1, А2, В1,В2,С1” китебинин, “Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгүнүн” электрондук варианттары жана “Орусча-кыргызча сүйлөшмө” китепчелери берилди.


Ал эми Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын  жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине (эки топ) мамлекеттик тилди үйрөнүү (А2, В1 деңгээлдери)  боюнча “Кыргызтест” тестирлөөсүнө даярдык көрүү үчүн 3 айлык окуу курсу уюштурулуп, өткөрүлүп жатат.


Окуу курсу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө”  жарлыгын жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 10-мартындагы № 33 “Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” 2014-2018-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча 2016-жылга аракеттер планы жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында өтүлүүдө.