ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери күн сайын шаарды тазалоо иштерин жүргүзүүдө

Бишкекте муниципалдык аймактык башкармалыктарынын  жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын короо шыпыргычтары калааны көрктөндүрүү боюнча үч айлыктын алкагында тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Күн сайын таңы саат бештен баштап «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын  көчөлөрүн жана ирригациялык тутумдарды тазалоо, көчөлөрдү жууп тазалоо  иштерин жүргүзөт.


Бүгүн, 11-апрелде Октябрь районунда – 98 короо шыпыргыч жана 7 бирдик атайы техника, Биринчи май районунда – 143 короо шыпыргыч жана 10 бирдик техника, Свердлов районунда – 120 короо шыпыргыч жана 8 бирдик техника, Ленин районунда 122 короо шыпыргыч жана 8 бирдик атайы техника  ишке тартылды.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан коомдук жайларда тазалыкты сактоону суранат.