ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Кызыл гвоздика» фестивалы өтөт

№4 балдар чыгармачылык мектебинин концерттик залында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери арасында «Кызыл гвоздика»  өздүк көркөм чыгармачылыгынын XVII фестиваль-конкурсу өткөрүлөт.

Фестваль Тарых жана маданият жылына  жана Улуу Ата Мекендик согуштун 71 жылдыгына арналат.


Биринчи тандоо туру 2016-жылдын 1-мартынан 20-мартына чейин өткөрүлдү. Гала-концерт 4-майда саат 14:00до К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын чоң залында өтөт.


Конкурс төмөнкү номинацияларда өтөт: вокалдык-хор музыка, жеке аткаруу, көркөм окуу жана музыкалык аспапта ойноо.


Конкурска катышууга «Красная гвоздика»,  «Русская душа», «Прялица», «Радуга», «Ветеран», «Ак суунун  ак элечек айымдары», «Калына»  чыгармачылык жамааттары, жалпысынан 300 адам арыз берди. Конкурска 58 жаштан жогорку ардагерлер катышат.


1,2,3 –орунду ээлегендер акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер, ошондой эле дипломдор менен сыйланышат. Бардык катышуучуларга грамоталар тапшырылат.


Аталган иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы менен «Кызыл гвоздика» аталышындагы согуштун жана эмгектин ардагерлеринин коомдук бирикмеси уюштурууда.


Маалымат: фестиваль 2000-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Иш-чаранын демилечиси «Кызыл гвоздика» хору. Биринчи фестивалга 98 катышуучу катышкан.