ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте спорттук гимнастика боюнча ачык чемпионат өткөрүлөт

12-13-апрелде Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайынын гимнастика залында балдар жана кыздар арасында спорттук гимнастика боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өткөрүлөт.

Мелдештин ачылышы 12-апрелде саат 14:00до өтөт.


Мелдешке Чымкент, Караганда жана Бишкек шаарларынын 60 спортчусу катышат.


Гимнасттар Кыргыз Республикасынын квалификациялык программасы жана ФИЖ Эл аралык эрежелери боюнча чыгышат.


Спорттук гимнастика боюнча чемпионатты Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт комитети өткөрүүдө. Жеңүүчүлө спорт комитеттин медаль, диплом жана баалуу белектери менен сыйланышат.


Кошумча маалыматты  тел: 0555 195 627 номуру аркылуу башкы сот Валентина Петуховадан алсаңыздар болот.