ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда жолдорду оңдоо талкууланды

Октябрь райондук администрациясында район акими Болот Алымкуловдун жетекчилиги алдында Октябрь районундагы квартал арасындагы жолдорду оңдоо талкууланды.

Жыйында 2016-жылы оңдоло турган көчөлөр, даярдыктар жана аны уюштуруу талкууланды. Эки жылдын ичинде Октябрь районунда 44 кварталдык көчөлөрдү оңдоо пландалууда. Негизинен кичи райондордун көчөлөрү оңдолот. Жалпы узундугу 30 км түзөт.


Үстүбүздөгү жылы райондун 23 көчөсү, 2017-жылы 21 көчөсү оңдолот. Район башчысы бардык көчөлөрдү оңдоо иштери замандап стандарттар менен жүргүзүлүп, тоскоол болгон соода күркөлөрү алынарын же болбосо башка жерге көчүрүлөрүн белгиледи.


Жыйындын соңунда татаал участкалардан баштоо жана комиссия түзүү чечими чыгарылды.