«Дордой» конушунда «Жаңы конуштардын жашыл инфраструктурасы» акциясы болуп өттү
- Подробности
- Опубликовано 08.04.2016 17:10
«Дордой» конушунун №94 орто мектебинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана БУУӨП менен биргеликте «Жаңы конуштардын жашыл инфраструктурасы» акциясынын алкагында көчөттөрдү отургузуу өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова акциянын мектептин айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандырууда өзгөчө орду бар экендигин белгиледи.
Акциянын башында катышуучулар үчүн мектептин ичине экскурсия өткөрүлдү. Андан кийин вице-мэр Айгүл Рыскулова, «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаеванын, окуучулардын, алардын ата-энелеринин катышуусунда көчөттөр отургузулду.
Маалымат: «Дордой» конушундагы 960 орунга ылайыкташтырылган мектеп 2015-жылдын октябрь айында ачылган.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
02.10.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |