ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Менин талантым сага Кыргызстан!» конкурсу өтөт

19-апрелде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан Тарых жана маданият жылына арналган «Менин талантым сага Кыргызстан!» конкурсунун гала-концерти өткөрүлөт.

Учурда райондук тандоо турлары өткөрүлүүдө.  


№13 мектеп-лицейинин базасында Ленин районунун жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында тандоо туру өткөрүлүп, ага 40 тан ашык мектептердин чыгармачыл жаматтары жана аткаруучулары катышты. 8-апрелден 12-апрелге чейин тандоо турлар Свердлов, Биринчи май жана Ленин райондорунда улантылат.