ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте футбол боюнча окуучулар арасында шаардык спартакиада өтөт

2016-жылдын 11-апрелинен 15-апрелине чейин «Дордой» спорттук комплексинде балдар арасында футбол боюнча окуучулардын шаардык спартакиадасы өткөрүлөт.
Мелдешке ар бир райондон экиден команда, 8 кыздар командасы, 8 балдар командасы, бардыгы 136 окуучу катышат.

Аталган спартакиада окуучулар арасында футболду өнүктүрүү жана Бишкек курама командасын топтоо үчүн күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өтөт.

Мелдеш Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулууда.

Жеңүүчүлөр Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин диплом, медаль, кубок жана баалуу белектери менен сыйланышат.

Мелдештин программасы:

А тобу: Биринчи май району 1 - №69 МГ, Ленин 2 - №31, Свердлов 1 - №5 жана Октябрь 1 №3.

11 – апрель, I– тур;11:00 №69 - №5,12:30 №31 - №3.

12 – апрель, II– тур;11:00 №3 - №69, 12:30 №5 - №31.

13 – апрель, III– тур;11:00 №69 - №31, 12:30 №5 - №3.

14-апрель 11:00 A1 – B2, 12:30 B1 – A2.

В тобу: Биринчи май району 2 - №29, Ленин 1 - №40, Свердлов 2 - №10 жана Октябрь 2 - №56.

11 – апрель, I– тур;11:00 №29 - №10, 12:30 №40 - №56.

12 – апрель, II– тур;11:00 №40  - №10,12:30 №56 - №29.

13 – апрель, III– тур;11:00 №10- №56,12:30 №29 - №40.  

14 – апрель, 11:00 3-орунга мелдешет, 12:30 Финал.