ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында накталай эмес төлөмдөрдү уюштуруу жана камсыздандырууга багытталган координациялык штаб түзүлдү

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, ар бир сатып алуучу төлөмдү накталай жана накталай эмес төлөө ыкмасы менен жүргүзүүгө укуктуу. Сатуучу сатып алуучуга төлөө ыкмасын тандоосуна тыюу салууга укугу жок.

Ушуга байланыштуу, Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтому кабыл алынган жана анда өзүнчө иш-аракеттердин түрлөрүнүн тизмеги каралган, аларды жүзөгө ашырууда жеке ишкерлер жана юридикалык жактар өз иш-аракеттерин жүргүзгөн жерлерде банк төлөм карталарын пайдалануу менен төлөм жүргүзүү үчүн, ошондой эле аткаруу мөөнөтүнө арналган жабдууларды (түзүлмөлөрдү) орнотууну жана колдонууну камсыз кылууга милдеттүү.


Көрсөтүлгөн токтомду аткаруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2016-жылдын 15-февралында Бишкек шаарынын Координациялык штабы түзүлгөн.
Бул штабга Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу салык кызматынын өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын башчылары кирди.


Координациялык штабдын иши токтомго ылайык тийиштүү иш-аракеттердин түрүнө кирген соода-тейлөө ишканаларында (дүкөндөр, дарыканалар, ири соода борборлор, коомдук тамактануу түйүндөрү ж.б.) банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн pos-терминалдарды камсыздоого, орнотууну уюштурууга жана колдонууга багытталган.


Пос-терминалдарды сатып алуу жана орнотууга сарптоолорго тийиштүү пос-терминалдар коммерциялык банктар тарабынан акысыз ижара шарттары менен (башкача айтканда, соода-тейлөө түйүндөрү терминалдарды сатып алуу үчүн чыгым болушпайт) берилерин белгилейбиз. Соода түйүндөрүнүн күнөөсүсүз пос-терминалдар бузулган учурда коммерциялык банктар оңдоону же алмаштырууну өзүлөрү камсыз кылат. Соода-тейлөө түйүнү коммерциялык банк менен келишим түзүүдө, орнотулган терминал аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн суммасынан 0дөн 3%га чейинки өлчөмдө келишим шарттарында комиссиялык сыйакы төлөйт. Мисалы, ТСП алыш-бериш эсебин ачууда банкта эсеп-кассалык тейлөө боюнча жеңилдетилген тарифтер сунушталат, ошондой эле эки тарап үчүн пайдалуу шарттар түзүлөт. Ушуну менен соода түйүнүнө накталай акча каражаттарын инкассациялоого, сактоого жана эсепке алууга өз коромжуларын кыскартууга мүмкүндүк берет.


Накталай эмес формада төлөм жүргүзүүнү өбөлгөлөө максатында, 2016-жылдын 1-июлунан баштап КНС боюнча каттоо босогосу 2 эсе көбөйгөн – 4 млн. сомдон 8 млн. сомго чейин, сатуудан экспорт товарларга, жумуштарга, кызматтарга жана аларды Кыргызстандын аймагынан сырткары сатууга салык салуу жокко чыгарылган.
Ушуну менен 2016-жылдын 1-июлунан баштап накталай эмес формада төлөнүүчү, КНС  салыгы салынган жана/же КНС салыгынан бошотулган товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатууга салыктын жокко чыгаруу коюму белгиленген болсо, накталай формада төлөөдө 1 % өлчөмдө – соода иш-аракеттер жана 2 % - башка иш-аракеттер үчүн коюм белгиленген.  


Салык салынбаган КНС жана накталай формада төлөнүүчү товарларды, жумуштарды жана кызматтарды, сатууда жана сатуудан 2% өлчөмдө – соода иш-аракеттери үчүн жана 3 % - башка иш-аракеттер үчүн салыктын коюму белгиленген.


Мындан сырткары, 2016-жылдын 1-июлунан баштап накталай эмес формада төлөнүүчү товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатууда салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча бирдиктүү салыктын коюму 2 эсе азайтылат. Башкача айтканда, эгер бүгүн 4 % же 6% болсо, 2016-жылдын 1-июлунан баштап 2% жана 3 % түзө баштайт.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтому, пос-терминалдарды орнотуу боюнча коммерциялык банктардын шарттары, ошондой эле соода-тейлөө ишканалары тарабынан пос-терминалдарды орнотуу жол-жобосу тууралуу керектүү маалымат менен төмөнкү көрсөтүлгөн сайттарда таанышса болот:

- Бишкек шаарынын мэриясы – www.old.meria.kg
- ОЮЛ «Союз банков Кыргызстана»- www.ub.kg. – 69-00-58
- КРнын Экономика Министрлиги - www.mineconom.gov.kg