ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунун башчысы кезектеги пландык жыйынын өткөрдү

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, МАБдардын башчыларынын жана администрациянын аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда пландын жыйын өткөрдү.

Жыйында салыктарды чогултуу боюнча аткарылган иштер, «Коломтонун» иштөөсү, авариялык абалда деп таанылган, куураган дарактарды инвентаризациялоо жана райондун айланасын тазалоо боюнча маалыматтар угузулду.


Жыйындын соңунда МСКБна салыктарды чогултууну тездетүү, «Тазалык» МИ участкалык башчысына КТК убагында чыгаруу жана тазалоо иштерин тездетүү, «Жашылдандыруу» МИ авариялык абалда деп таанылган дарактарды кыркуу тапшырмасы берилди.


РИИБ СӨБ менен биргеликте райондун аймагындагы кайыр сурагандарды алдын алуу, ошондой эле алдыдагы майрамдарга арналган иш-чаралардын башталгандыгы тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүу тапшырылды.