ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Жаш таланттар - 2016» шаардык конкурсунун ачылышы өттү

Калаанын №4 балдар искусство мектебинин концерттик залында балдар музыкалык жана чыгармачылык мектептеринин окуучулары арасында «Жаш таланттар - 2016» шаардык конкурсунун ачылышы өттү.

Бул жылы конкурс Тарых жана маданият жылына арналат.


Чыгармачылык конкурс жаштар арасында таланттуу аткаруучуларды чыгаруу, эстрадалык вокал жанрындагы  жана аспаптарда аткаруудагы аткаруучулук чеберчиликти жогорулатуу, маданий агартуучулукка үгүттөө максатында өткөрүлөт.


Конкурс эки номинацияда өтөт: 7 жаштан 18 жашка чейинки курактар арасында эстрадалык вокал жана эстрадалык-аспаптык аткаруу (соло).


Катышуучулардын чыгармачылыктарын Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын жана Мураталы Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамы баалашат.


Ар бир номинацианын жеңүүчүлөрү I, II, III даражадагы дипломдор, «Үмүт» байгеси жана шаардык мэриядан бөлүнгөн байге фондунан акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.