ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

2016-жылдын март айында «Бишкексвет» калаанын 8 көчөсүн жарыктандырды

«Бишкексвет» муниципалдык ишканасы үстүбүздөгү жылдын март айында калаанын 8 көчөсүнүн жарыктандыруусун оңдоду.

 - 1-марттан 10-мартка чейин Дэн Сяопина көчөсү (батыш бөлүгү) Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин 215 жарык түйүнү орнотулду;


 - 1-марттан 10-мартка чейин Лермонтов көчөсү (чыгыш бөлүгү) Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин 104 жарык түйүнү;


 - 10-марттан 18-мартка чейин Түштүк магистраль (чыгыш бөлүгү) Байтик Баатыр көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейин 76 жарык түйүнү;


 - 10-марттан 18-мартка чейин Түштүк магистраль (батыш бөлүгү) Тынчтык проспектисинен Бах көчөсүнө чейин 146 жарык түйүнү;


- 19-марттан 25-мартка чейин Тыналиев көчөсү (батыш бөлүгү) Ахунбаев көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин 132 жарык түйүнү орнотулду;

 - 19-марттан 25-мартка чейин Сүйүмбаев көчөсү (чыгыш бөлүгү) Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин 105 жарык түйүнү;

 - 25-марттан 31-мартка чейин Фрунзе көчөсү боюнча (батыш жана чыгыш бөлүгү) Жаш Гвардия бульварынан Сүйүмбаев көчөсүнө чейин 277 жарык түйүнү;

- 25-марттан 31-мартка чейин Рысмендиев көчөсү (чыгыш бөлүгү) Байтик Баатыр көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейин 95 жарык түйүнү орнотулду.

Эмне үчүн күндүз шам чырактар күйүп турат деген суроо менен шаар тургундары бир нече жолу кайрылышкан. Оӊдоо иштеринин жүрүшүн контролдоо жана жарыктандыруу боюнча нормативдик талаптар менен камсыздандыруу күндүзгү убакта жүргүзүлөт.
Муниципалдык келишимден пункттарынын биринде шам чырактарды оӊдоо, күйүп кеткен чырактарды алмаштыруу, жарыктандыруу арматураларын оӊдоо жана текшерүү каралган.
Коопсуздук иштерин камсыз кылуу үчүн «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы оӊдоо-калыбына келтирүү иштерин  көчөлөрдөгү жарыктандырууну жандырган бойдон  күндүзгү убакта жүргүзөт. Тармактардын эскиргендигине байланыштуу мекеме тышкы жарыктандырууну оӊдоо иштерин дайыма жүргүзүп келет.
«Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын диспетчердик кызматынын номери – 31-17-23.