ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Зеленстрой» жана «Тазалык» МИ шаарды тазалоо жана дарактарды кыркуу иштерин жүргүзүүдө

«Зеленстрой» муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүндөгү куураган дарактарды кыркуу иштерин жүргүзүүдө.

Свердлов районунда Ауэзов көчөсү «Чынар» базарынын айланасында дарактарды кыркуу иштери жүргүзүлүүдө;


Ленин районунда: Северный көчөсү (Чоң-Арык) Айтиев көчөсүнөн Кожобергенов көчөсүнө чейин – 20 бак;


Октябрь районунда Карасаев көчөсү боюнча №14 орто мектептин жанындагы 10 бакка кыркуу иштери жүргүзүлдү;


Биринчи май районунда – Чүй-Логвиненко – Киев-Тоголок Молдо көчөлөрүндөгү авариялык абалда деп таанылган дарактар кыйылды.


Күн сайын эртең менен «Тазалык» муниципалдык ишканасы калааны тазалоо иштерин жүргүзөт. Бүгүн Октябрь районунда 98 короо шыпыргыч жана 9 бирдик техника; Биринчи май районунда – 155 короо шыпыргыч жана 10 бирдик атайы техника; Свердлов районунда – 121 короо шыпыргыч жана 9 бирдик техника; Ленин районунда – 118 короо шыпыргыч жана 13 бирдик атайы техника  тартылды.