«Зеленстрой» жана «Тазалык» МИ шаарды тазалоо жана дарактарды кыркуу иштерин жүргүзүүдө
- Подробности
- Опубликовано 05.04.2016 16:11
«Зеленстрой» муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүндөгү куураган дарактарды кыркуу иштерин жүргүзүүдө.
Свердлов районунда Ауэзов көчөсү «Чынар» базарынын айланасында дарактарды кыркуу иштери жүргүзүлүүдө;
Ленин районунда: Северный көчөсү (Чоң-Арык) Айтиев көчөсүнөн Кожобергенов көчөсүнө чейин – 20 бак;
Октябрь районунда Карасаев көчөсү боюнча №14 орто мектептин жанындагы 10 бакка кыркуу иштери жүргүзүлдү;
Биринчи май районунда – Чүй-Логвиненко – Киев-Тоголок Молдо көчөлөрүндөгү авариялык абалда деп таанылган дарактар кыйылды.
Күн сайын эртең менен «Тазалык» муниципалдык ишканасы калааны тазалоо иштерин жүргүзөт. Бүгүн Октябрь районунда 98 короо шыпыргыч жана 9 бирдик техника; Биринчи май районунда – 155 короо шыпыргыч жана 10 бирдик атайы техника; Свердлов районунда – 121 короо шыпыргыч жана 9 бирдик техника; Ленин районунда – 118 короо шыпыргыч жана 13 бирдик атайы техника тартылды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
12.02.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |