ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү

А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын конференц-залында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын катышуучулары, калаанын мектептеринин окуучулары тарабынан даярдалган  шаардын тазалыгы тууралуу жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн баңгизат колдонуусу боюнча көрсөтүү көрсөтүлдү.


Ошондой эле жыйында Бишкек шаарынын ИИББнын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын рейддик иш-чаралары, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кайырчылык кылуусу жана баңгизат колдонуусу талкууланды.


Иш-чара  «2015-2017-жылдарга карата Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу» шаардык программасынын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду.


Аталган жыйынга тарбия иштери боюнча мектептердин директорлорунун орун басарлары, социалдык мугалимдер, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлери, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко, мэриянын социалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жамиля Абирова жана Бишкек шаарынын ИИБ коомдук коопсуздукту башкаруунун профилактика бөлүмүнүн башчысы Жакыпбек Жумаев катышты.