ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык мэрияда Бишкек шаарынын жаштар кеңешин түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында вице-мэр Айгүл Рыскулова жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Асель Пирматова жана Бишкектин жаштар уюму менен жолугушту.

Жолугушууда Бишкек шаарында Жаштар кеңешин түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Жаштар уюму кыскача презентация көрсөтүп, кеңешти түзүү тууралуу айтып беришти.


Өз сөзүндө Айгүл Рыскулова кызыктуу багыттагы суроолорду аныктоо жана аны талкуулоо керектигин жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу сунушун айтты.


Жолугушуунун соңунда жаштар кеңешин түзүүнү талкуулоо үчүн жаштар уюмунун жана мэриянын кызматкерлеринин катышуусунда тегерек стол өткөрүү чечими чыгарылды.


Аталган жолугушууга бардык райондордун социалдык маселелер боюнча акимдеринин орун басарлары, маданият башкармалыгы, билим берүү башкармалыгы жана шаардык дене тарбия жана спорт комитети катышты.