ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри баланы иттен сактап калган троллейбустун айдоочусун сыйлады

Бүгүн, 4-апрелде көрсөткөн эрдиги жана баланы сактап калгандыгы үчүн муниципалитет башчысы Албек Ибраимов «Бишкек троллейбус башкармалыгы» МИ троллейбус айдоочусу Мелис Калмырзаевди Бишкек шаарынын мэриясынын кол сааты менен сыйлады.

Эскерте кетсек, 30-мартта №4-троллейбустун айдоочусу Ак-Тилек конушунан өтүп баратып жаш баланы кара түстөгү чоң ит тиштеп алганын байкаган. Ит баланы сүйрөп жатканда айдоочу троллейбусту токтотуп, аны сактап калган. Баланын саламаттыгына көп залал келгенге чейин иттен куткарып калууга жакын жердеги балдар да көмөктөшкөн.


Бүгүнкү күндө бала Бишкек шаарынын №3 балдар ооруканасынын равматология бөлүмүндө дарыланууда. Башкы дарыгер Талант Өмүрбековдун айтымында, баланын жамбашын ит каап алып, ооруканага жаткырылган. Учурда баланын абалы канааттандырарлык жана ооруканадан чыгууга даярданып жатат.


Жабырлануучуну  каап алган иттин ээсине компенсация төлөп берүү милдеттендирилди. Учурда итке бардык керектүү анализдерди жүргүзүү үчүн ветеринардык клиникага жеткирилди.


Свердлов районунун РИИБ аталган факт боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Жыйынтыгы боюнча иттин ээсине жоопкерчилик жөнүндө чечими чыгарылат.