ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада шахмат боюнча окуучулардын спартакиадасынын финалы жыйынтыкталды

3-апрелде шахмат боюнча Бишкек шаарынын окуучуларынын спартакиадасы жыйынтыкталды.

Шахмат боюнча спартакиада 1998-жылы туулган кыздар жана балдар арасында 1-апрелден 3-апрелге чейин Шаардык шахмат клубунда өттү.


Мелдешке ар бир райондон эки командадан 8 кыздар командасы, 8 балдар командасы, бардыгы 48 окуучу катышты.


Аталган мелдеш окуучулар арасында шахматты өнүктүрүү жана Бишкек шаарынын курама командасын топтоо үчүн күчтүү шахматчыларды аныктоо максатында өткөрүлдү.
Иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурду.


Мелдеште 1-орунду Биринчи май районунун №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 2-орунду №5 Свердлов районунун №5 улуттук компьютердик гимназиясы, 3-орунду Ленин районунун №84 орто мектеби жана 4-орунду Биринчи май районунун №6 автордук окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясы алды.


Жеңүүчүлөр спорт комитеттин медаль, диплом, кубок жана баалуу белектери менен сыйланышты.