ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы Октябрь районунун санитардык абалын текшерди. Текшерүүнүн жүрүшүндө Каралаев 5/3 дарегинде жайгашкан «Арена» унаа жуучу жайынын кызматкерлери шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, унаа жуучу жайынын айланасы антисанитардык абалга жетип, 2016-жылга таштанды чыгаруу үчүн келишим түзүлбөгөн.


Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан аталган жайдын ээси Шевченчо И.нин атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.