ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын таза суу камдап алуусун суранат

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 2016-жылдын 5-апрелинде саат 9:00дон 16:00го чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт.

«Киркомстром» суу алгычынын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө, турак райондордо ичүүчү суу токтотулат: Дэн Сяопин, Абакан, Мурман, Садыгалиев, Волкова жана Кустанай көчөлөрүндө, анын ичинде: «БСМ» АТАК, «Нургаз» ЖЧКсы, Бекбоев медборбору, «Бактылуу өлкө» бала бакчасы, балдарды коргоо борбору, №37 балдар комбинаты, №42 орто мектеби, Васипов ЖИ кичи-наабайканасы, Бишкекжылуулукэнерго КИ казанында суу токтотулат.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.