ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэриянын жетекчилиги №3 балдар шаардык ооруканасында жаткан бейтаптардын абалын сурады

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова №3 балдар шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүндө жаткан кичинекей бейтаптардын абалын суроо үчүн барды.

Оорукананын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков аталган ооруканада көбүнчө кокусунан жыгылып жана жол кырсыгынан жарат алган балдар жаткандыгын белгиледи.


Айгүл Рыскулова кече, 31-мартта «Ак-Тилек» жаңы конушунда ит каап алган биринчи класстын окуучусу Нурислам Төлөгөнов жаткан бөлмөгө кирип, тезирээк сакайып кетишин каалады, ошондой эле оюнчук жана жер жемиштерди тапшырды.


Башкы дарыгер Талант Өмүрбековдун айтымында, баланын жамбашын ит каап алып, ооруканага жаткырылган. Учурда баланын абалы канааттандырарлык жана ооруканадан чыгууга даярданып жатат.


Жабырлануучуну  кара ит каап алган жана анын ээсине компенсация төлөп берүү милдеттендирилди. Учурда итке бардык керектүү анализдерди жүргүзүү үчүн ветеринардык клиникага жеткирилди.


Свердлов районунун РИИБ аталган факт боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Жыйынтыгы боюнча иттин ээсине жоопкерчилик жөнүндө чечими чыгарылат.