ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жарнама берүүчүлөрдү “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын сактоого чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы жарнама берүүчүлөрдү жана жарнама жасоочуларды “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын сактоону талап кылат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнама боюнча жооптуу кызматкери Кумар Асанбеков,  Биринчи радионун “Туура сөз” уктуруусунун алып баруучусу Зинакан Каипова, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Анарбек Сарымсаков курамында турган комиссия Бишкек шарынын Кызыл-Аскер районунда Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген жарнамаларды жана башка көрүнөө маалыматтарды аныктоо жана тартипке келтирүү боюнча рейд жүргүздү.


Ошондой эле жарнама маселеси боюнча, жарнама берүүчүлөрдү жана жарнама жасоочуларды жоопко тартуу маселеси боюнча шаардык тургундар менен сурамжылоо иши жүрдү. Рейддин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.