ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь акимиатында “Орто-Сай” базарындагы башаламан соодага байланыштуу маселелер талкуланды

Октябрь райондук администрациясы район башчысы Болот Алымкуловдун жетекчилиги алдында “Орто-Сай” базарынын чарба субъектилеринин өкүлдөрүнүн жана райондук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Жыйында “Орто-Сай” базарынын аймагындагы башаламан соодага байланыштуу маселелер талкууланды.


Экономика жана финансы бөлүмүнүн кызматкери Марат Медеталиевдин доклады угузулуп, статистикалык маалыматтар айтылды. Өткөн 2015-жылы Октябрь районунда 226дан ашык мыйзамсыз жеңилдетилген типтеги объект алынган. (соода күркөлөрү, контейнерлер)


2016-жылга башаламан соода менен күрөшүү жана мыйзамсыз жеңилдетилген типтеги объектилерди алуу пландалган. Учурда Октябрь районунда 30 дан ашык мыйзамсыз соода күркөлөрү, павильондор алынды, анын ичинде 8 объект “Орто-Сай” базарында.


Жыйында архитектура жана өрткө каршы кызматынын өкүлдөрүнүн кыскача доладдары угузулуп, муниципалдык жердеги башаламан соодага байланыштуу көйгөйлөр жана өрт өчүрүү нормалары сакталбагандыгы айтылды.


Район башчысы Болот Алымкулов “Орто-Сай” базарынын кызматкерлерин өрткө каршы жана санитардык нормаларды бузбоого, муниципалдык жер статусу бар өткөөлдөрдү бошотууга чакырды.


Ошондой эле, райондук түзүмдүк бөлүмдөргө протоколдук тапшырма берди жана райондук кызматтардын өкүлдөрү менен комиссиялык текшерүү уюштуруларын билдирди. Ал эми нормаларды бузган чарба субъектилерге административдик чаралар көрүлөт.