ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь администрациясы «Элистан» балалык борборуна гуманитардык жардам көрсөттү

Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов «Элистан» балалык борборунун жашоо шарты менен таанышып, гуманитардык жардам көрсөттү.
Гуманитардык жардамдын ичинде кийимдер, төшөктөр, азык түлүктөр жана кеңсе буюмдары бар.

Учурда борбордо 45 жетим бала жашайт жана аларга  билим алууга, спорт менен машыгууга, өнүгүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Борбордун мугалимдери жана жетекчилери балдарга болгон жардамын көрсөтүп келишет.


Аталган борбор Октябрь районунун 12 кичирайонунун №52/1 дарегинде жайгашкан.