ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Мамлекеттик каттоо кызматы менен кызматташуу жөнүндө меморандумуна кол койду

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы арасында кызматташуу жөнүндө меморандумуна кол коюу иш-чарасы өткөрүлдү.

Меморандумга Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев кол койду.


Аталган Меморандум Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти арасындагы мамилени түзөт.


Меморандумдун алкагында Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү тармагындагы социалдык маселелер жана жалпы мамлекеттик маселелер, ошондой эле турак-жай коммуналдык кызматтарды рационалдуу колдонуу үчүн маалыматты даректүү каттоо  ишке ашырылат.


Тараптар тарабынан турак-жай коммуналдык кызматтар үчүн бирдиктүү бугалтердик тутумду иштелип чыгат, ошондой эле мэриянын кызматтары ишинде даректүү каттоону жана кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык тутумду колдоно алышат.