ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Ош базарындагы башаламан сооданы чектетүү боюнча рейд өткөрдү

Иш-чарага Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков, Ленин райондук администрациясынын башчысы Аскар Мирлан уулу, Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын ИИББ кызматкерлери катышты.

Рейддин жыйынтыгында биринчи вице-мэр Ленин районунун акимине ар бир сатуучунун укугун коргоо: райондун аймагындагы 72 чарба субъектилеринин ээлеринин ар бирине жоопкерчилик  белгилөө жана сатуучулардын Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы менен келишимин текшерүүнү тапшырды.


Кече, 30-мартта Ош базарында башаламан сооданы четтетүү боюнча жумушчу топтун жолугушуусунун жүрүшүндө биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков Ленин райондук администрациясына башаламан сооданы токтотуу иштерин тездетүү, Ленин РИИБ күн сайын базардын айланасын кайтаруу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен штаттык бирдик бөлүү тапшырылды.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана базардын кызматкерлерин коорупцияга байланыштуу көрүнүштөрдү көргөн, билген болсо Бишкек шаарынын мэриясынын Укук коргоо органдары менен өз ара аракеттешүү жана коррупцияга каршы чара көрүү бөлүмүнө - (0312) 622 704 билдирүүгө чакырат.


Калаа башчысы Албек Ибраимовдун тапшырмасы боюнча  жакында калаадагы башаламан соодаларды жоюу, токтотуу боюнча тутумдук иш-чаралардын программасы иштелип чыгып, ишке ашырылат.