ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Милициянын жаш досу» шаардык кароо-сынагы болуп өттү

№89 орто мектебинин базасында Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек ШИИББ нын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Милициянын жаш досу» шаардык кароо-сынагы өткөрүлдү.

Аталган сынак окуучулар арасында укук бузууларды алдын алуу, окуучуларды эртеңки келечекке тарбиялоо максатында Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду.


Сынакка аталган сынактын райондук турларынан биринчи орунду алган 6 отряд катышты.


Биринчи май районунан №49 орто мектептин отряды, Свердлов районунан №51 мектеп-гимназиясынын отряды, Ленин районунан №79 жана 93 мектептердин  жана Октябрь районунан №39 жана 91 мектептеринин отряддары катышты.


Жеңүүчү командалар Республикалык «Милициянын жаш досу» сынагына катышышат.


«Милициянын жаш досу» шаардык кароо-сынагы Кыргыз Республикасынын Илим жана билим министрлиги жана КР ИИМ бекиткен «МЖД» сынагы жөнүндө жобосунун негизинде, ошондой эле «2015-2017-жж жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу» шаардык программасынын алкагында Билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлдү.