Бишкекте «Милициянын жаш досу» шаардык кароо-сынагы болуп өттү
- Подробности
- Опубликовано 30.03.2016 13:06
№89 орто мектебинин базасында Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек ШИИББ нын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Милициянын жаш досу» шаардык кароо-сынагы өткөрүлдү.
Аталган сынак окуучулар арасында укук бузууларды алдын алуу, окуучуларды эртеңки келечекке тарбиялоо максатында Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
Сынакка аталган сынактын райондук турларынан биринчи орунду алган 6 отряд катышты.
Биринчи май районунан №49 орто мектептин отряды, Свердлов районунан №51 мектеп-гимназиясынын отряды, Ленин районунан №79 жана 93 мектептердин жана Октябрь районунан №39 жана 91 мектептеринин отряддары катышты.
Жеңүүчү командалар Республикалык «Милициянын жаш досу» сынагына катышышат.
«Милициянын жаш досу» шаардык кароо-сынагы Кыргыз Республикасынын Илим жана билим министрлиги жана КР ИИМ бекиткен «МЖД» сынагы жөнүндө жобосунун негизинде, ошондой эле «2015-2017-жж жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу» шаардык программасынын алкагында Билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
03.10.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |