ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы Албек Ибраимов кезектеги пландык жыйынын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында 29-мартта калаа башчысы Албек Ибраимовдун жетекчилиги алдында түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын башчыларынын катышуусунда пландык жыйын өткөрүлдү.

Пландык жыйындын күн тартибинде шаарды көрктөндүрүү маселеси болду. Өзгөчө көңүл менен жабыркаган дарактарды жок кылуу жана инвентариязация жүргүзүү маселеси жана чуңкурларды оңдоо каралды.

Жыйындын соңунда калаа башчысы «Зеленстрой» муниципалдык ишканасына кыска мөөңөттө дарактарды инвентаризациялоо жана куураган, чириген дарактарды жок кылуу тапшырмасын берди.

Албек Ибраимов 27-мартта Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде бак кулап, адам каза болгондугун жана ал боюнча ички кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

«Бишкекасфальтсервис» ишканасына шаардын көчөлөрүндөгү чуңкурларды оңдоону көзөмөлдөө жана графикке ылайык жүргүзүүнү тапшырылды.