Калаанын окуучулары видео-көпүрө форматында конференцияга катышты
- Подробности
- Опубликовано 29.03.2016 09:45
№63 мектеп-гимназиясында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан видео-көпүрө форматында (Россия, Татарстан, Казань) «Айтматовдун окуулары» Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Аталган конференция педогогикалык коомчулукту жана өсүп келе жаткан муунду Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын, адабиятты жана тарыхый-маданиятты үйрөтүү, сактоо максатында өткөрүлдү.
Конференциянын ачылышы Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр менен башталды. Ошондой эле «Сенин биринчи китебиң» Россиянын интерактивдүү сынагынын жеңүүчүсү, №64 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучусу Турдубеков Эрмек өзү чыгарган «Айтматов менен сүйлөшүү» ырын окуду.
Видео-көпүрө жергиликтүү саат боюнча 13:00дон 16:00го чейин өткөрүлдү. Конференциянын программасында калаанын №33, 63, 64 мектептеринин окуучуларынын илимий иштери, ошондой эле Ч.Айтматов атындагы №63 мектеп-гимназиясынын жамааты тарабынан иштелип чыккан Айтматовдун өмүр баяны боюнча чыгармачылык-издөө иштери көрсөтүлдү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
03.10.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |