ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө «Фучик» көчөсүндө жайгашкан «Уста» ААК антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды.

Аталган даректе курулуш, тигүү калдыктары чогултулуп, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери бузулган.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан «Уста» ААКнун директору Юлдашев Ш.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.